Бул программаны ишке киргизүүдө КР эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов тарабынан иштелип чыккан “Ата-энелер мектеби” колдонмосу бекитилген.
Балдардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн жалгыз мектептин, мугалимдердин ишмердүүлүгү аздык кылат. Ошондуктан бүгүнкү күндө ата-энелердин педагогикалык маданиятын өркүндөтүү маанилүү.