Биз жөнүндө

 

  1. Мектеп жөнүндө кыскача маалымат
       Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүүчү №7 мектеби.

Мектеп 1984жылы 1-сентябрда ишке берилген.   Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү №7 орто мектеби  Нарын шаарындагы И. Раззаков-1 көчөсүндө жайгашкан. Мектептин имараты Нарын шаардык муниципалдык ишканасынын оперативдүү башкаруусунда турат. Мектеп 925 орунга эсептелинген. Уюштуруу укуктук формасы: Мекеме

  Мектеп  кыргыз жана орус  тилдеринде билим берүүчү  мектеп болуп саналат. Мектепке тиешелүү микрорайон  Жайлообак чөлкөмүнүн Ч.Түлөбердиев көчөсүнүн № 1-100 чейинки үйлөрү, Шералиев көчөсүнөн №1-100 үйлөрү, Ленин көчөсүнүн № 2,4 үйлөрү,  Сүрөт булак чөлкөмүнөн 64 аймагына чейин, Нарын дарыясынын түндүк жактары болуп саналат. Мектеп типтүү болуп эсептелинет, үч кабаттан туруп, толук орто билим берүү мекемеси болуп саналат.

Билим берүү уюмунун жетекчиси: Кадыралиев Азат Нарынбекович.

Чет тилдерден англис тили жана немец тили окутулат.

Окуу эки сменде жүргүзүлөт.

Окутууну уюштуруу шарттары баардык балдарга, анын ичинде ден соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген балдарга негизги жалпы билим алууга жана 10-11 класстарда окуусун уланткысы келген окуучуларга орто билим алууга толук шарт түзүлгөн.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. (перспективдүү план, ПКУ)

Окуучулар менен иш алып барууда акысыз ийрими  иштейт. Алар: Манас таануу ийрими 20 окуучу тартылган, музыка ийрими  25 окуучу, бий ийримине 20 окуучу тартылган, орус тили ийрими 58 окуучу, информатика ийримине 25 окуучу тартылган,  комуз ийримине 20, театр ийримине 20, волейбол (кыздар) ийрими 15 окуучу тартылган, волейбол (балдар) ийрими 15 окуучу тартылган , теннис ийрими 15 окуучу, футбол ийримине 18 окуучу, баскетбол ийримине 18, улуттук оюндар ийримине 18 окуучу тартылган.

Башталгыч класстарга ысык тамак уюштурууда мектептин ашканасында толук шарт түзүлгөн. 519 окуучу ысык тамак ичет.

Менюда:

1-күнү: Геркулес, таруу кашасы

2-күнү: Гречка сорпо эти менен, эти менен кесме

3-күнү: Буурчак, чечевичка сорпосу

4-күнү: Күрүч каша

5-күнү: Нан, чай

 

Мектепте окуу-тарбиялоо процесинин жүрүшүнө шарт түзүлгөн.

Мектепте азыркы тапта 40 класс кабинетте окуу жүргүзүлөт.

Башталгыч класстырын окуучуларына “Бирге окуйбуз” жана “Керемет окуу” программасы боюнча класс кабинети иштейт.

Дене тарбия сабагынын өтүү үчүн спорт зал бар.

Мектеп окуу процесин жакшыртуу жана окуу материалдык базасын чындоо боюнча ар кандай эл аралык долбоорлор менен ата-энелер, камкордук кеңеш, коомчулук, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлик органдары жана өнөктөштөр менен тынымсыз иш алып барат.

Окуучулардын ден соолугун текшерип көзөмөлдөө үчүн медициналык кароодон өткөрүлүп мектепке бекитилген мед айым иш алып барууда.

Окуучулардын коопсуздугу үчүн мектепте видео көзөмөлдөө камералары, санитайзерлер орнотулуп, антисептик каражаттары менен камсыз болгон.

Мектепте химия, физика жана биология лабораториялары иштеп, зарыл болгон көлөмдөгү препараттар мене камсыз болгон.

Мектепте компьютердик класстар каралган. Интернет булагы менен КР ББИМ каржылоосу менен оптоволокно тутамына кошулган.

Мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерге жеткиликтүү тиркеме аркылуу электрондук журнал, күндөлүк системасы киргизилүүдө.

Мектептин электрондук баракчасы соц. тармактарга жайгаштырылып, электрондук почтасы ([email protected]) жана вебсайты иштелип чыккан. (sydykov.mektbim.kg)

2022-2023-окуу жылында төмөндөгүдөй класс комплектиси ачылды. Жалпы 44 класс комплект, 480 саат “Наристе” программасы менен даярдоо классынан 5 класс, мунун ичинен 37 орус тилинде окутулган класстар, 12 кыргыз тилинде окутулган класс.

Мектепте 1-11 класстар жалпы:  1267окуучу анын ичинен 651 кыздар.

480 саат “Наристе” программасы 147\66

Үйдөн окутуу -3/2 окуучу

1-4-класс —      519/250окуучу

5-9-класс-       608/322 окуучу

10-11-класс-   140/79 окуучу

0-11-кл —       1414/717 окуучу

Мектепте бүгүнкү күндө 83 мугалим эмгектенет,  анын ичинен 44 мугалим билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээлери.

Бүгүнкү күндө мектеп ар кандай эл аралык уюмдар менен иштешип келе жаткан өнөктөштөр.

·         МЕРСИКО эл аралык уюму.

·         “Ага-Хан” мектептер 2030 долбоору.

·         MSDSP KG.

·         GIZ.

·         USAID “Бирге окуйбуз”, “Окуу керемет”

·         Корей Республикасынын элчилиги. “Корей тилин үйрөнөбүз”