ИДН

Нарын шаарындагы №7 орто билим берүүчү  мектебинде одоно тартип бузуп, каттоодо турган балдар менен милициянын лейтенанты  инспектор Махабат иш жүргүзүп келет.

Ар бир айда  балдар жана кыздарга чогулуш өткөрүп турат. Бул чогулуштардын  максаты — кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо. Кылмыштуулук боюнча лекция өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Андан сырткары балдардын мектепке келүүсү, мектепке кийип келген формасы боюнча дагы сөз  талкууга алынат.

Ал эми ар бир класс жетекчи менен биргеликте класстык сааттарда окуучулар өздөрүнүн көйгөйлүү суроолорун бере алышат. Зордук-зомбулук деген эмне? Эгерде кабылса кимге кайрылса болот? деген көптөгөн суроолорду берип, класс ичиндеги чогулушта маанилүү маалыматтарды алып турушат.

Жеке эле тартип-тарбия болбостон, азыркы учурда  дүйнө жүзүн каптаган эпидемиологиялык абал да талкууланат.