Мектептин максаттары жана милдеттери:
Максаты | Милдети | Күтүлүүчү натыйжа |
1.Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн жогорулатуу менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү | 1.1. Мугалимдердин квалификациялык билимин жогорулатуу, ҮКӨнүн негизинде иш алып баруу 1.2. Мектептер арасында онлайн семинарларды уюштуруу менен заманбап сабактарды өтүү | 1.1.Мугалимдин кесиптик чеберчилиги жогорулайт, тереӊ билим бере алат 1.2. Онлайн семинарларына жигердүү катышат |
2. Жаӊы инновациялык технологияларды колдонуп сабак өтүү менен окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу | 2.1. Мугалимдердин компетенттүүлүгү аркылуу ойлоонун жогорку денгээлиндеги суроолорду түзүү, иштеп чыгуу жана колдонуу менен окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу | 2.1. Ар бир мугалим жаӊы технологияларды сабактарында колдоно алат 2.2 Мугалимдин, окуучунун компетенттүүлүктөрү калыптанат, жогорку деӊгээлдеги суроолорду камтыган тесттер алынат (5-11-кл) |
3.Окуучулардын муктаждыгына жараша тереӊдетип билим берүү, ийрим иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү аркылуу окуучунун кызыгуусун арттыруу
| 3.1.Окуучулардын муктаждыктарын аныктоо менен окуучулардын тандоолоруна жараша тереӊдетип билим берүү 3.2. Ата-энелер менен кызматташтыкты күчөтүү аркылуу билим берүү процессине тартуу 3.3. Мектепте коопсуз чөйрөнү түзүү менен иш алып баруу; | 3.1.Сурамжылоо жүргүзүлөт, (5-11-кл) тандоолоруна жараша предметтик билимдерге ээ болуп, турмушта колдоно алат 3.2.Ата-энелер мектеби уюштурулат, тыгыз байланышта иш алып барылат 3.3. Ар кандай коопсуздуктардан коргонуу иш чаралары жана окуулар өтүлөт. |
Биздин баалуулуктар:
Мектеп үчүн артыкчылыктуу баалуулуктар болуп төмөнкүлөр саналат: баланын инсандыгы, анын ар түрдүүлүгү жана оригиналдуулугу; окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин жана мектеп конокторунун бири-бирине болгон ишеним жана урматтоо; билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн жогорку психологиялык ыңгайлуулукка умтулуу; окуучулардын жана мугалимдердин жогорку деңгээлге умтулуу.
- Билим берүү: канчалык көп үйрөнсөк, биз дагы эле билбегенибизди, биздин дүйнөбүздү түшүнүүгө жакындаш үчүн канчалык көп окуу, түшүнүү, сезүү, тажрыйба керек экенин жакшыраак түшүнөбүз — ал кантип иштейт, өзүбүздү түшүнүү. Окууга болгон каалоону калыптандыруу — биздин мектепте билим берүү маанилүү.
- Руханият: руханий ишмердүүлүк – бул адамдын кыйынчылыктарда жана жеңиштерде колдоо көрсөтүүсү. Биздин балдар сүйүүгө, боорукердикке, муктаж болгондорго жардам берүүгө жөндөмдүү.
- Коммуникация жөндөмү: бул айланадагы адамдарды түшүнүү, ынанымдуу сүйлөө жана ойдун курчтугу. Биздин окуучулар жеке жашоосун, түшүнүгүн байытуу үчүн бул мүнөздү күн сайын өрчүтүшөт.
Иштин багыттары
- Атуулдук-патриоттук;
- Этикалык жана кѳркѳм-эстетикалык;
- Спорттук-ден соолукту чыңдоочу;
- Укук бузуунун профилактикасы;
- Тарбиялоо процессине үй-бүлѳнү тартуу