Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

2023-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин мектепке бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. Мектепке бекитилбеген территорияда жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин жүргүзүлөт.

 

Кабар кылабыз!

Мектептин администрациясы сиздердин балдарыңыздардын ыңгайлуу билим алуусу үчүн электрондук журнал жана күндөлүк тиркемеси 2022-2023 — окуу жылдын II жарымынан баштап ишке кирерин маалымдайт.

Электрондук күндөлүк – бул көптөр үчүн тааныш болгон мектеп күндөлүгү  электрондук түрдө гана ишке ашырылат. Ал кагаз түрүндөгү версиядан көбүрөөк ыңгайлуулугу, мобилдүүлүгү жана ата-эне менен мектеп администрациясы баланын өнүгүүсү тууралуу ишенимдүү маалыматты дайыма ала тургандыгы менен айырмаланат.

Ата-эне катары кандай ыңгайлуулуктарды аласыз:

-реалдуу убакытта баалоо мониторинги;

-Балаңыздын сабакка катышуусун көзөмөлдөө;

-Үй тапшырмасын кабыл алуу жана жөнөтүү;

-Күндөлүк сабактын графигин көрүү;

-Мугалимдердин жана мектеп администрациясынын билдирүүсү;

-Жана көп башка ыңгайлуулуктар.

 

Күндөлүктү колдонууда окуучулар эмнелерди алышат:

— мугалимдердин толук комментарийлери менен бааларыңызды көрө билүү;

— мектептеги эң маанилүү жаңылыктарды жана кулактандырууларды билүү мүмкүнчүлүгү;

— бардык сабактарыңыздын графигин көрө билүү;

— үй тапшырмасын тиркелген файлдар менен тексттик форматта кабыл алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүгү;

— мугалимдерден жана мектептин администрациясынан билдирүүлөрдү жана башка маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү;

— сурамжылоолорго жана тесттерге катышуу мүмкүнчүлүгү;

— жана окуунун жеңилдиги үчүн дагы көп нерселер.