Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Нарын облустук прокуратурасы тарабынан облустагы мектептер арасында жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана мектеп окуучуларын мыйзамга баш ийүү, жүрүм-турумдарын жакшыртуу, укук маданиятын калыптандыруу максатында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты.

Сынакка облус боюнча жалпы 140 материал даярдалган. Анда окуучулар, мектеп рекетчилиги, кылмыштуулук темаларында видео ролик, көргөзмө куралдар, сахналаштырылган сценка даярдашкан.

Жыйынтыгында 1-орунду Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы №7 орто мектеби, 2-орунду Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы орто мектеби камсыздашса, 3-орунга Нарын районунун Орток айылынын М.Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучулары татыган.

Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө жеңүүчүлөргө сыйлыктары тапшырылды.

Жеңүүчү деп тандалган бардык мектеп окуучулары прокуратура тарабынан диплом жана китептер менен сыйланышса, М.Сыдыков орто мектебинин окуучуларына шардык билим берүү бөлүмү 5 миң сом акчалай белегин берди.

Ошондой эле бардык жеңүүчүлөргө облус башчысынын атынан таттуу белектер берилип, каалоо-тилектер айтылды.

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйландыНарын облусунун прокуратурасы тарабынан уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйландыНарын облусунун прокуратурасы тарабынан уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйландыНарын облусунун прокуратурасы тарабынан уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды