Акыл таймаш кубогуна биздин мектептин окуучулары ээ болушту

№7 Матен Сыдыков атындагы орто мектептин “IQ” командасы акыл таймашында баш байгени багынтып, облус башчысынын кубогун утуп келишти. Ошондой эле Ч.Айтматовдун 10 томдон турган чыгармаларын белекке алышты.

Бүгүн, 17-май күнү Нарын шаарында өткөн дубан башчысы Сабыркул Ашимбаевдин кубогуна арналган облустук алкактагы интеллектуалдык оюндун финалдык беттешинде Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы №7 -орто мектептин “IQ” командасы баш байгени багынтып, өкүлдүн кубогуна ээ болушту.

Алдыңкы орунду ээлеген командаларга дипломдор жана дүйнөлүк жазуучулардын китептери белекке берилди. Мындан тышкары калган 12 командага белек жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Окуучулардын дүйнө таанымын өнүктүрүү менен Нарын жергесине интеллектуалдык оюнду жайылтуу максатында өткөн таймашта, катышуучуларга логикалык гана суроолор берилди.