«23-апрель — бүткүл дүйнөлүк китеп күнү»
Матен Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү №7 орто мектебинин 7г классынын окуучулары 2024-жылдын 23-апрель күнү «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» карата өткөрүлгөн «Китеп-жан дүйнөнүн азыгы»аттуу иш чарага активдүү катышышты.Китепке арналган жомок-сценка коюлду. Максаты: Китеп өтө пайдалуу экендигин жана ага этияттык менен мамиле жасоого,өзгөчө жакшы карап китепти сүйүүгө тарбияланышат. Китепти көп окуган адам эс тутуму жакшырат,ой жүгүртүүгө көнүгөт. Сөз байлыгы кеңейет. Китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге,коомдук иш чараларга активдүү катышышып, артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан китеп менен дос болуу керек.
Китеп бизге чын жолдош,
Китеп бизге анык дос.
Пайдаланып китептен,
Акылга акыл кош.
Даярдаган:Жусупжанова Гүлдесте.Жумакадырова Гулина.Бектемир кызы Гүлзарида.
Комментарии