Ата-энелер менен жолугушуу
29-январь куну Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүүчү №7 мектебинин ата -энелери менен Нарын шаардык прокуратурасынын демилгеси менен Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ажар Дюшеналиева, Нарын шаардык прокуратуранын башчысынын орун басары, Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын, Нарын облустук медицина борборунун кызматкерлери жолугушушту. Ата- энелер менен өткөн жыйында өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан эрте никеге туруусунан, зордук-зомбулукка кабылбоосунан сактоо, алдын алуу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, ар кандай кеңештер айтылып, мыйзам бузуучулук боюнча маалыматтар берилди.
Ата энелер тарабынан суроолор, сунуштар берилип, талкуулар жаралды.
Жыйындын башталышында аталган мектептин 7-классынын окуучулары тарабынан келген конокторго эрте никеге туруунун кесепеттери жөнүндө сценка көрсөтүлдү.
Комментарии