Эне тилибизди даңктайлы!
“Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде” — деп улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай, элибизди эл кылып, улут катары тааныткан улуу белгибиз. Бул эне тилибиз – кыргыз тили. “Улут болсом тилим менен улутмун”, “Эне тилсиз эл болбойт”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” демекчи эне тилибизди даңазалайлы!
Кыргыз тилибиз – биздин эне тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Биз да энебиздин ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү – ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили – кыргыз тили. Кыргыз тили – көрөңгөлүү тил.
Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде чоң иш-чара болуп өттү. Окуучулар өздөрүнүн таланттын көрсөтүп, монолог айтып, ыр окуп, көркөм чыгармачылыкка саякат жасашты.
Комментарии